"Асмандан алынган". Атамбаев ага карата ачылган кылмыш иштери боюнча айтты (видео)
RU

"Асмандан алынган". Атамбаев ага карата ачылган кылмыш иштери боюнча айтты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-сентябрда, Бишкектин Биринчи май сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча иштин кезектеги сот отуруму өттү.

Сот залында Алмазбек Атамбаев эч качан даттанбаганын жана өз оюнан кайтпай турганын журналисттерге билдирди.

"Бардык кылмыш иштери асмандан алынган, бардыгыбыз муну билебиз. Эртеби, кечпи акыры чындык жеңет. Мен ар дайым бир сүйлөп келгем, мен көрсөтмө бербейм", - деди Атамбаев.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-апрелинде төрагалык кылуучу Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге карата соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Буга байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Өткөн жумада иш кайрадан жаңыланып, бирок эксперттер Атамбаевдин ден соолугунун абалы боюнча корутунду бере алышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3691