"Адам+" китеби жарык көрдү. Анда Олжобай Шакир трансгендер уулу тууралуу баяндаган
RU

"Адам+" китеби жарык көрдү. Анда Олжобай Шакир трансгендер уулу тууралуу баяндаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Олжобай Шакир уул Алик Шакир жөнүндө чуулгандуу "Адам+" китебин жарыкка чыгарды. Китепте автор ата менен уулдун татаал мамилесин чагылдырат, кыз болуп төрөлгөн уулунун трансгендер экенин кабыл алуу, андан кийин уулун коомчулуктун тепкисинен коруп калуу.

Олжобай Шакир китепти жазууга эмне түрткү болгонун kaktus.media редакциясына айтып берди.

Көчүлүк ата-энелер балдарынын жеке жашоосу тууралуу жазмак түгүл айтып берүүдөн жазганышат. Сиз кантип чечилдиңиз?

Кимдир-бирөөлөргө мечит же чиркөө ыйык жай саналса, мен үчүн үй-бүлөмдөн өткөн ыйык жай жок. Жүрөгүмдөн сыйынганым – үй-бүлө мүчөлөрүмдүн амандыгы. Аларга телегейи тегиз жашоо куруп берүү. Эң башкысы – окутуп, чокутуу. Аларга башка мурас калтыргым жок. Кээси балага там-таш, байлык мүлктү мураска калтыргысы келсе, а мен башынан эле билим, таалим-тарбиядан башка мурас калтыргым келбейт. Адамдык касиет, адамдык эркиндиктен өткөн байлык болобу? Ошол себептен "Адам+" аттуу китебимде бир гана трансгендер уулумдун тагдырын кеп кылбадым. Китептин өзөгүндө үй-бүлө институтун канткенде бекем курабыз деген маселени туюнткум келди. Эгер кетмен чаап жүргөн дыйкан же мал кайтарып жүргөн адам болсом, бул тагдыр сыноосун элге жеткирүү колумдан келбейт эле. Ырас, адабият айдыңында жүрөмбү, демек жазуучулук миссиямда жандүйнөнүн механиги болуу милдетинен качпашым керек. Китепти жазууга түрткү болгон себеп эле көкүрөгүмдөгү ушул баалуулуктар...

Максатыңыз кандай эле, башкача айтканда китеп чыгарып элге эмнени жеткиргиңиз келди?

Трансгендер коомундагы баламдын досторуна мен да аралашып жүрөм, көптөрүнүн көздөрүндө терең муң, кайгы жатат. Алардын көздөрүн тиктеген сайын, өзөк өрттөнөт. Кээси ыйлап, мени менен сырларын бөлүшөт. Аларды өз баламдай боорума кысып эркелетем. Бирок мен аларга өздөрүнүн ата-энесиндей сезимди бере албайм. Көпчүлүк ата-энелер аларды үйдөн чыгарып салгандар! А коомдо болсо псевдо-патриоттор, диний фанаттар аларды жек көрүп, түшүнгүлөрү жок. Ошол себептен аталган китепти адам тагдыры биз ойлогондон да алда канча татаал экендигин өз жонтеримден сезгенимди чагылтууга аракет кылдым.

1990-жылы гомосексуалдуулукту, ал эми 2019-жылы трансгендердүүлүктү Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму психикалык илдеттер топтомунан чыгарганы белгилүү. Бирок ага карабай биздей дүйнөдөн артта калган коомдо ЛГБТ өкүлдөрүн психикалык ооруга кабылгандар деп түшүнгөндөр толтура. Ал тургай муну жугуштуу оору деп дөөрүп жүргөндөр канча. Айрыкча диний чөйрөнүн лидерлеринин бири, экс-муфтий Токтомушев ЛГБТ оорусу коомго жайылып кетет. Биз буга жол бербешибиз керек. Эртерек чара көрөлү деп чыкканы күлкүмдү келтирген. Анан ушундай караңгы түшүнүктөрдү көрүп туруп, кантип китеп жазбай коёсуң...

Уулуңуз китептин чыгышына кандай реакция кылды? Каршы болгон жокпу?

Бул иште балам экөөбүз ар бир кадамыбызды кеңешип-кесмейин жасабайбыз. Дегеле бул жашоомдо балдарымдын башын аттап, өз чечимимди чыгарган жан эмесмин.

Балаңыз китепти окудубу? Китеп чыккандан кийин эмне деди?

Чыгарманы жазып баштаганымда эле сүйүндү. Көп жерлерин баламдын өзү менен да кеңешип жаздым. Анткени ЛГБТ чөйрөсүндөгүлөрдүн сезими өтө назик келет. Байкабастан көп учурда аларды дискриминациялап алабыз. Маселен өз баламдын ички туюмун мен кайдан билем, ошол себептен кээде гендер маселеси боюнча балам мага консультант болду. Ал эмес китептеги эң күчтүү штрихти балам жазды. Алакандай тексттин ичиндеги Алик Шакиров жазган подтексти карасаңыз, эң күчтүү метафора бар:

Путь к себе

Мой жизненный путь похож на путь пешки. Ведь только пешка, достигнув последней клетки, может трансформироваться. Никто не знает, кто есть пешка, и только она знает, кем она хочет стать.

У пешки есть выбор - быть такой фигурой, какой она хочет быть. Она может захотеть быть конём, ну, или ладьей, а может, даже ферзём или слоном. Но чтобы стать тем, кем она хочет стать, на своём пути придется пройти черные и белые полосы жизни.

Но самая главная битва – выстоять против тех, кто будет стоять на дороге, пытаясь помешать дойти мне до цели, сбить с пути к себе. Чем ближе ты к своей трансформации, тем уязвимее ты сам, и тем опаснее становится жизнь.

Это как перерождение гусеницы в бабочку. На этапе трансформации гусеница забивается в кокон, и потому не может защитить себя. Она становится очень уязвимой для любой опасности. Именно поэтому для пешки тут важна защита и поддержка других фигур, и тем безопаснее становится её путь к своей мечте.

Бул подтекст канчалык кыска болгону менен адабият илими өтө тереңдеп каза турган көркөм арсенал жатат. Ошол себептен бул текст китептин финалдык бөлүгүнө кирди, аны мен эпилог катары киргиздим.

Эгер китептин чыгышы оң натыйжаларды берип, башкача айтканда кимдир бирөөгө өзүн же уулун түшүнүүгө жардам берсе, бул темага жазууну улантасызбы?

Бул тема тийди-качты кол тийгизер тема эмес. Менимче, бул темага өмүр бою кайрылат окшойм. Анткени биздей коммунисттик тоталитардык системада тарбияланган коомдо алдыңкы көз караштар калыптана элек. Андыктан аталган китепти терс кабыл алса да, оң кабыл алса да, адам табиятындагы татаал илимди бир эле жолку чыгарма менен толук жеткирүү мүмкүн эмес. "Адам+" китебимди үчилтик катары дагы улантам. Азырынча кыргыз-орус тилинде жарык көрдү. Өзбекче, казакчага которулду. Учурда Борбор Азия боюнча бул чыгарманы адабий агартуу максатында кеңири жайылтуу этабы турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3692