Кудай берген дос. Ташиевдин туулган күнүнө карата кимдер менен достошконун эстейли
RU

Кудай берген дос. Ташиевдин туулган күнүнө карата кимдер менен достошконун эстейли

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Кыдыршаевич бүгүн 53 жашка чыкты. Туулган күндү адатта жакын адамдарың жана жоро-жолдошторуң менен тоскон жакшы. Тилекке каршы, УКМКнын жетекчиси өздүк майрамын ата-мекенинен алыс, Швейцариядан тосууга аргасыз.

Ошондуктан Kaktus.media саясатчыны жалгызсыратпай, кайгысын да кубанычын да тең бөлүшкөн досторун эскерүүнү чечти. Бирок айрым досторунун абалы өтө кейиштүү, анткени Ташиевдин мактап-жактап, андан кийин түрмөгө отургузуп салуу адаты бар.

Садыр Жапаров

Ташиев менен Жапаровдун ортосундагы достук 10 жыл мурун башталган. Алар 2010-жылы "Ата-Журт" партиясына киришкен. Мушташ болгондо да, бири-бирине болушуп турушчу.

Депутат болуп турган кезинде Камчыбек Ташиев Алтынбек Сулайманов менен чаташа кетип, ортосуна Садыр Жапаров түшүп ажыраткан. Кийин каршылаштар элдешкени маалым.

Андан кийин 2012-жылдын октябрында, эки дос темир забордон секирип түшүп, "Ак үйдү" басып алуу аракетин көрүшкөн. Алардын көздөгөнү ишке ашпай калып, чогуу сот алдында жооп беришкен.

Азыр эми Жапаров президент болду, экөөнүн ортосунда дагы деле достук бар. Бирок айрым маалыматтарга ылайык, бул тек гана эсептешүүгө айланган.

"Садыр мен үчүн жакшы көргөн досум. Экөөбүз мурдатан ойлогон, элибизди-журтубузду өзгөртөбүз, кызмат кылабыз, мамлекетибизди башкача кылып түзүп, элдин, Кыргызстандын кадыр баркын көтөрүп, жакшы жашоого жеткизебиз, деген тилегибизге жетебиз деген ойдомун. Кудай кааласа, экөөбүздүн достугубуз түбөлүктүү болот. Байлык да, бийлик да ажыратпайт деген ойдомун. Садыр экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер бар деген маалымат айтылып жатат, бирок ал андай эмес", - деп УКМКнын төрагасы достугу тууралуу комментарий берген.

Талант Мамытов

ЖКнын учурдагы спикери да Кыдыршаевичтин жакын досторунун катарына кирет. Мамытов, Ташиев, Жапаров менен бирге "Ак үйдү" басып алууга катышкан. Бирок тиги экөөнө салыштырмалуу азыраак мөөнөткө кесилген. Кийин Мамытовду досун сатып кетти деп айыптап чыгышкан. Анда Ташиев ЖКга кирбей калып, Мамытов "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен жана жетекчи Камчыбек Ташиевдин квотасы менен өтүп кеткен болчу.

Саясатта 2020-жылдагы шайлоо учурунда активдүүрөөк болуп, "Кыргызстан" партиясынан чамынган эле, бирок ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

***

2020-жылы "Ак үйдү" басып алуу иши боюнча Жогорку сот үч досту актап чыккан.

Курманкул Зулушев

Бул экөөнүн ортосундагы достук, так ошол сот жүрүп жатканда башталган өңдөнөт. 2013-жылы Курманкул Зулушев Бишкек шаардык соттун судьясы болуп турган чагында Жапаров, Мамытов жана Ташиевди актоочу бүтүмүн чыгарган болчу. Кийин Жогорку сот анысын четке кагат. 2015-жылы Камчыбек Ташиев теңтөрагалык кылган партянын депутаты болот. Учурда Зулушев башпрокурор, эки достун ведомостволору УКМК жана Генпрокуратура эриш аркак иш алып барышууда.

Ахматбек Келдибеков

Бул эски досу менен бакиевдер учурунан бери эле дос болуп жүрүшөт.

"Ата Журт Мекенчил" партиясынан бирге шайлоого аттанып, тил боюнча экзамен тапшырып, митингге чыгып жүрүштү.

2010-жылы экөөнү бир партия "Ата-Журт" бириктирип турду.

Бирок 2011-жылы Келдибеков спикер болуп турган кезинде президенттик жарыш болуп Ташиевди колдобой койгон. Бул факт Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы достукту бекемдетти. 2020-жылы алар эки ача жолго түшүштү. Келдибеков "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен чыкса, Ташиев "Мекенчил" менен чыкты.

Октябрь окуяларына Келдибеков катышкан жок.

Өмүрбек Бабанов

Бир кызыктай достук, Бабановдун камакка алынуусу менен аяктады.

Достор 2015-жылы политкоалиция үчүн биригип "Республика - Ата Журт" партиясын түзүшкөн. Бирок ЖКга Бабанов гана кирип, Ташиев жээкте калып калган. Экөөнүн дос болуп турган кезиндеги сүрөттөрүн бары көрүшкөн.

2017-жылы козголгон кылмыш иштеринин айынан Бабанов Россияга кетип калууга аргасыз болду. Камчыбек Ташиев досуна барып, жолугуп турчу.

2020-жылдагы шайлоодо кайрадан бирге аттануу талкууланып жатты, бирок ишке ашкан жок. Ал эми октябрь окуяларында саясий көз караштардын айынан экөө эки жаатка бөлунүп кетишти.

Бабанов Атамбаевди тандады, Ташиев Жапаровду колдоп, тарапташтары менен бийликке келишти.

Ошондо Бабанов менен Ташиев социалдык тармактарда кайым айтыша кетишкен эле. Бабанов 2020-жылдын 9-октябрындагы Ала-Тоо аянтанда болгон баш аламандыктарды уюштурууга Сооронбай Жээнбековдун катыштыгы бар, деп жазса, Бабанов калп сүйлөп жатат, ал Атамбаевге кошулуп, элдин бийлигин тартып алууга аракет кылган, деп билдирген.

Натыйжасында, Бабанов "Кумтөр" иши боюнча камакка алынды. "Бардыгы эле аны эч ким тийбейт деп ойлошчу, а биз тийдик", деп Ташиевдин мактанган жайы да бар.

ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, Камчыбек Ташиев достор жөнүндө ушул ырды жакшы көрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3693