Маршруттун баасы көтөрүлсө сотко берем деп Атамбаевдин уулу коркутту
RU

Маршруттун баасы көтөрүлсө сотко берем деп Атамбаевдин уулу коркутту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-сентябрда, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары коомдук транспорттогу жол киренин кымбатташын талкуулап жатышат.

"Социал-демократтардын" лидери жана мурунку президенттин уулу Кадыр Атамбаев, эгер депутаттар жол кирени жогорулатуу чечимин кабыл алышса, регулятивдик таасир этүүнүн иштелип чыккан анализинин (РТА) негизинде сотко бере тургандыгын айтты.

Анын айтымында, маршруттун айдоочулары бардыгына күнөөлүү болуп калышты. Бирок, чын-чынына келгенде айдоочуларга лицензияларды берген жүргүнчү ташуучу фирмалардын ээлери олчойгон каражат табышат.

"Кыргыз транс контроль" фирмасынын маалыматына ылайык, лицензия ээлери күнүнө ар бир шопурдан 2-3 миң сом алат. Эгер шаарда 3 миңден ашык бус бар экенин эске алганда, фирмалар күнүнө 9 миллионго сомго чукул пайда көрүшөт. Бул кирешеге салык салынбайт. Лицензия элери айдоочулардан акча чогултушат, бирок өздөрү эч нерсеге жооп беришпейт, кирешесин жашырышат", - дейт ал.

Ошондой эле Атамбаев компаниялардын өздүк автопаркы жана өндүрүш базалары жок экенин белгиледи. Бул транспорт тууралуу мыйзамды бузуу болуп саналат. Компаниялардын финансылык отчетторуна ылайык, лицензия ээлери аба менен жүрөт экен да, анан дагы такыр бензин колдонушпайт. Маршрут бузулуп калса да, шопур өзү оңдотот. А бирок мыйзамга ылайык, лицензия берген компаниялардын амортизациялык фонду болууга тийиш болчу.

Кадыр Атамбаевдин пикири боюнча, маршруттун айдоочулары шаардыктарга каршы эмес, алардын кирешесин тартып алган фирмалардын жетекчилерине каршы чыгыш керек. Лицензия ээлери линияга кирүүгө уруксат берүү үчүн оңбогон акча алып, салык төлөгөндөн качат. Маршрут бузулса аны оңдотуу, татыктуу айлык төлөп берүү фирманын милдети

Депутаттын айтымында, тарифтерди көтөрүү үчүн келтирилген негиздер мыйзамсыз. Анткени жүргүнчү ташыган фирмалардын бухгалтердик документациясынын анализи жүргүзүлгөн жок.

Атамбаев эгер мыйзам ушул РТА менен өтө турган болсо, сотко бере турганын жар салды.

"Учурдагы РТА тариф көтөрүүгө негиз болуп бере албайт. Ал компаниялардын, лицензия ээлеринин реалдуу кирешесин жашырып, бардыгын айдоочулардын мойнуна жүктөп жатат", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3699