Эми кафе жана ресторандарда тамеки жана кальян чегүүгө болбойт
RU

Эми кафе жана ресторандарда тамеки жана кальян чегүүгө болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш 29-июлда коомдук жайларда, кафе жана ресторандарда электрондук тамекини, тамеки аралашмаларын жана кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаевдин айтымында, мамлекет башчы мыйзамга 15-сентябрда кол койгон. Бирок, бул тууралуу президенттик администрация расмий түрдө билдирген эмес. Сайтта да мындай мыйзам жок болчу .

Администрация юридикалык бөлүмдүн бул маалыматын тактай турганын билдирген.

Кийин президенттин администрациясы бул мыйзамга президент кол койгону тууралуу маалыматты тастыктады.

Демилгечилердин бири Айнуру Алтыбаеванын айтымында, "Тамеки чегүүнүн, никотиндин кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда демилгечилер эксперттердин пикирине таянган. Эксперттердин айтымында тамеки тартуу үчүн аралашмалар жана суюктуктар тамеки сыяктуу эле зыяндуу, тамеки тарткандардын жанында тургандар үчүн да.

"Биз тамеки чегүүгө тыюу сала албайбыз. Бирок, коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салууну киргизип жатабыз. Аэропорттордо жүргүнчүнүн чек ара текшерүүсүнөн өткөндөн кийин белгилүү бир жерлерде тамеки чегүүсүнө уруксат берилет", - деди ал.

Президенттик администрациядан: "Документтин максаты - Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун тамеки чегүүнүн кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) тамеки менен күрөшүү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашырууну көздөйт".

"Мыйзам тамекинин бардык түрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системасын колдонууга көзөмөл жүргүзүү жана бардык тамеки продуктыларынын жарнамаларына толук тыюу салууну көзөмөлдөө аркылуу тамеки жана тамеки буюмдарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган".

Ошондой эле Kaktus.media сайтына президент Садыр Жапаров тамеки чекпейт деген маалымат беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3701