"Кыргызалтын" Теңгиз Бөлтүрүк директор болгон компанияга ай сайын $30 миңден төлөйбү?
RU

"Кыргызалтын" Теңгиз Бөлтүрүк директор болгон компанияга ай сайын $30 миңден төлөйбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөр голд компани" ЖАКтын убактылуу тышкы жетекчиси эле болбостон, "Кыргызалтын" ААКына канадалык Global Revival Inc. компаниясы аркылуу консультациялык кызмат дагы көрсөтөт экен. Ал эми Global Revival Inc.компаниясынын аткаруучу директору өзү. Муну Kaktus.media редакциясына келип түшкөн документтер тастыктайт.

Теңгиз Бөлтүрүк Global Revival Inc.'тин аткаруучу директорубу өзүнөн тактай алган жокпуз. Коммандировкада жүргөнүнө байланыштуу комментарий алуу мүмкүн эмес болуп турат.

Эмне болгон келишим?

2021-жылдын 5-мартына карата түзүлгөн келишимге ылайык, "Кыргызалтын" ААКтан Маратбек Чолпонкулов аркылуу канадалык Global Revival Inc. компаниясынан аткаруучу директор Теңгиз Бөлтүрүк аркылуу консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча макулдашышкан.

Келишимде "Кыргызалтын" Global Revival Inc. компаниясын Centerra Gold компаниясы, "Кыргызалтын" ААКы, "Кумтор голд компани" ЖАКы, "Кумтор оперейтинг компани" ЖАКы жана Кыргызстан өкмөтүнүн ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн тартып жатат, деп жазылган.

Кызмат көрсөтүү мөөнөтү 2021-жылдын 5-мартынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин.

Global Revival Inc. компаниясы тууралуу эмнелер белгилүү?

Global Revival Inc. Онтарио аймагында (Канада) катталган. LinkedIn'деги Теңгиз Бөлтүрүктүн баракчасында ал 2017-жылдан тартып ушул күнгө чейин Global Revival Inc. компаниясынын директору деп көрсөтүлгөн.

Ачык булактарда Global Revival Inc. тууралуу маалымат өтө аз. Көбүн эсе казакстандык (KASE) фонд биржасынын документтеринен чыгат. Маселен, "Тин уан майнинг" АКтын финансылык отчетунда (2013-жылдан 2019-жылга чейин) консультациялык кызмат көрсөткөн подрядчик катары көрсөтүлгөн. "Тин уан майнинг" Казакстанда Сырамбет кенин иштетет - бул дүйнө жүзү боюнча калай өндүргөн эң ири кен. "Тин уан майнинг" компаниясынын расмий сайтында учурда алар кызматташкан подрядчиктердин катарында Global Revival Inc. жок.

Kaktus.media

редакциясы "Кыргызалтын" ЖАКына түзүлгөн кырдаал, анын ичинде Global Revival Inc. "Кыргызалынга" кызмат көрсөтүүсү боюнча комментарий алуу үчүн кат жөнөткөн. Бирок материал жарыяланган учурга чейин алар тараптан эч кандай реакция болгон жок.

Баса, социалдык тармактарда Улукбек Мариповдун атына Global Revival Inc.'тин аткаруучу директору Теңгиз Бөлтүрүктөн деп жазылган кат жайылтылып жатат. Кат 2021-жылдын 5-февралында жазылган экен. Эгер документ жасалма эмес экени аныкталса, анда Бөлтүрүк Канаданын жараны - канадалык компаниянын аткаруучу директору катары көрсөтүлгөн экинчи документ болуп калат.

Global Revival Inc.'тин кызматы канча турат?

"Кыргызалтынга" көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылыктын акысы салык төлөнгөндөн кийин айына $30 миңди түзөт. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда жүргөн учурдагы чыгымдар, визалык чыгымдар, жашоо, транспорт, командировочный төлөмдөр, Канададан Кыргызстанга жана кайра артка уча турган авикаттамдар үчүн чыгымдар, уюлдук байланыш, кызмат ордундагы Кыргызстан жана башка өлкөлөр боюнча боло турган кошумча чыгымдар Global Revival Inc.'тин эсебинен жүргүзүлбөйт.

Жогоруда айтылган чыгымдардын бардыгын "Кыргызалтын" ААКы көтөрөт.

Эмне болгон консультация?

Global Revival Inc. компаниясынын милдетине төмөнкүлөр кирет:

  • "Кыргызалтын" Global Revival Inc. компаниясын Centerra Gold компаниясы, "Кыргызалтын" ААКы, "Кумтор голд компани" ЖАКы, "Кумтор оперейтинг компани" ЖАКы жана Кыргызстан өкмөтүнүн ортосундагы иш чараларды жана техникалык, юридикалык, экологиялык ж.б. конфликтерди чечүү планын иштеп чыгуу.
  • Субподряддык консалтингдик, юридикалык, инженерингдик, аудитордук жана башка компанияларды тандоо.
  • "Кыргызалтын" Global Revival Inc. компаниясын Centerra Gold компаниясы, "Кыргызалтын" ААКы, "Кумтор голд компани" ЖАКы, "Кумтор оперейтинг компани" ЖАКы жана Кыргызстан өкмөтүнүн ортосундагы конфликттик көйгөйлөрдү чечүү үчүн техникалык тапшырмаларды, жумуштун курамын, бюджетти даярдоо, субподряддык компаниялардын жумушун координациялоо.
  • "Кыргызалтын" ААКтын стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу, анын ичинде башкаруу системасын жана компаниянын структурасын реструктуризациялоо.
  • Кыргызстандагы тоо-кенин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу.
  • Тоо-кен тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  • Тоо-кенин колдонууга лицензия берүү тартиби тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  • Жаңы жана учурда иштеп жаткан тоо-кен долбоорлорунун техникалык, экономикалык, финансылык аспектилер боюнча консультация берүү.
  • Жаңы тоо-кен ишканаларын иштеп чыгуу жана долбоорун түзүүдө толук кандуу техникалык тапшырмаларды түзүүгө жардам көрсөтүү.
  • "Кыргызалтын" ААКтын бардык бөлүмдөрүнө техникалык аудит жүргүзүү.
  • "Кыргызалтын" ААКтын подрядчиктеринин лабораторияларындагы технологиялык изилдөөлөргө мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана күбөлөндүрүү.

Эмне маселе болуп жатат?

"Кыргызалтын" ААК Global Revival Inc.'тен консультациялык кызмат алуу үчүн келишим түзгөнүндө эч кандай көйгөй жок. Маселе башкада - кызыкчылыктардын кагылышуусу. Эгер Теңгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын 5-мартынан тартып азыркы күнгө чейин "Кыргызалтын" ААКка анын ичинде "Кумтөр голд компани" ЖАКка дагы консультациялык кызмат көрсөтө турган Global Revival Inc. компаниясынын аткаруучу директору болсо, ошол эле учурда 2021-жылдын 18-майынан тарта "Кумтөр голд компани" ЖАКтын тышкы башкаруучу кызматына дайындалган. Кызыкчылыктардын кагылышуусу болбой эмне анан?

Малымат катары

Кыргыз Республикасынын "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, кызыкчылыктардын кагылышуусу - бул адамдардын коомдук-укуктук милдеттери менен өздүк (жеке) кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн.

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзам анын ичинде "иши мамлекеттен же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган же болбосо алардын уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулардын; мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдарга" жайылат.

Мыйзамга ылайык, жогоруда аталган жактарга кызмат ордунда турган учурда көзөмөлдөө, контролго алуу, келишим түзүү функцияларын аткарууга тыюу салынат.

Толуктоо: "Кумтөр голд компани" ЖАКтын комментарийи

Материал жарыялангандан кийин "Кумтөр голд компани" ЖАК мурда жөнөтүлгөн катка жообун жиберген:

"Бир катар ЖМКларда "Кумтөр голд компани" ЖАКтын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк "Кыргызалтын" ААКка консультациялык кызмат көрсоткөн Global Revival Inc. компаниясынын аткаруучу директору дегень жалаң божомолдоолорго негизделген маалымат жайылып жатат.

Чынында, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусу жок, анткени Global Revival Inc. компаниясы "Кыргызалтын" ААК менен 2021-жылдын 5-мартында келишим түзүп, 2021-жылдын 16-майында Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөр голд компани" ЖАКтын тышкы башкаруучусу болуп дайындалган учурунан тартып макулдашуу жокко чыгарылган.

Теңгиз Бөлтүрүктүн "Центерра Голддун" директорлор кеңешине катыштыгы боюнча маалымат бере турган болсок, ал жерде болгону 5 жарым иштеп, 2021-жылдын 16-майында өз каалоосу менен чыгып кеткен.

Теңгиз Бөлтүрүк ар дайым Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен иштейт", - деп компания берген комментарийде жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3704