Профилдик комитет Улуттук банктын башчылыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындады
RU

Профилдик комитет Улуттук банктын башчылыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 28-сентябрда Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды.

Kaktus.media ['га маалым болгондой, бул чечим кворумдун жоктугунан, жыйын өтпөгөндүгүнө байланыштуу комитет мүчөлөрүнөн сурамжылоо аркылуу кабыл алынган.

Комитеттин мүчөсү Гүлшат Асылбаева редакцияга билдиргендей, комитет Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырган.

Демек, бул чечим менен комитет Толкунбек Абдыгуловдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчылыгынан кетүүсүн жактырган.

Ал эми комитеттин дагы бир мүчөсү Дастан Бекешев Бөкөнтаевдин талапкерлиги үчүн добуш бербегенин айтты.

"Мен мындай маанилүү маселенин сурамжылоо менен чечим чыгаруусуна каршымын. Биз колхозчуну тандап жаткан колхоз эмеспиз да. Аны комитетте талкуулашыбыз керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3711