Афганистандагы талиб согушкерлерине селфи жасоого жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салынды
RU

Афганистандагы талиб согушкерлерине селфи жасоого жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын коргоо министри Мавлави Якуб талиб согушкерлерине селфи кылып сүрөткө түшүүгө жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазганын Super.kg кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөрдү киргизүүгө акыркы учурларда талиб согушкерлери куралдары менен аянтта, оюн-зоок аттракциондордо, коомдук жайларда селфи кылып сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга чыгарып жатканы себеп болгон. Коргоо министри селфи кан төгүүлөр менен жеткен жеңишке, "Талибан" кыймылынын жана жогорку кызматтагы адамдардын коопсуздугуна шек келтирип жатканын айткан.

"Ал эми ак кроссовки батыштын зыяндуу модасы. Эгер биз батышты туурай турган болсок, анда Ислам системасын жоготуп алабыз", - деген Мавлави Якуб.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3721