Ош базарында өрт чыгып, 17 контейнер күйүп кетти (видео)
RU

Ош базарында өрт чыгып, 17 контейнер күйүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-сентябрда, саат 04:00дө Ош базарынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматы боюнча, "Кыял" соода борборунун жанында 17 контейнер күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бригадасы жөнөп кеткен. Өрт саат 04:33тө локализацияланып, 05:27де толугу менен өчүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3727