Караңгы заман келатат. Энергохолдинг жарыктандырууга чектөө киргизип жатат
RU

Караңгы заман келатат. Энергохолдинг жарыктандырууга чектөө киргизип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээки күндөн тарта Кыргызстандын аймагында кечки жана эртең мененки учурда тиричиликке кирбеген абонеттерге тышкы жарыктандырууга тыюу салынды. Kaktus.media редакциясы Бишкектин чыгыш бөлүгүнө чакан саякат жасап, Улуттук энергохолдингдин токтому аткарылып жатабы, карап көрдү.

Видеодо көрүнүп тургандай, коммерциялык имараттардын сыртында жарнамалык баннерлер, көчөнү жарыктандырган лампалар азырынча күйүп турат. Ошол эле учурда супермаркеттер унаа токтотуучу жайлардагы жарыкты толугу менен өчүрүп, кире бериштеги ламапаларды жана чоң жазууларды өчүрүшкөн эмес.

Эске салсак, Улуттук энергохолдинг рейддерди жүргүзүп, тиричиликке кирбеген тышкы жарыктандырууну кечинде жана эртең менен өчүрүү керектигин билдирген. Рейддер кафе-ресторандарга, мончолорго, сауналарга, машине токтотуучу жайларга, дүкөндөргө жана башка тиричиликке кирбеген объектилерге жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3732