Сыймык Жапыкеев: Суракка экс-премьерлерди, вице-премьерлерди жана министрлерди чакыртабыз
RU

Сыймык Жапыкеев: Суракка экс-премьерлерди, вице-премьерлерди жана министрлерди чакыртабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Пандемия иши боюнча кимдердин тиешеси бар? Абылгазиев, Боронов, Өмүрбекова. Бардыгы жооп беришет, биз ишти аягына чейин чыгарабыз", - деди ЭККМКнын жетекчиси Сыймык Жапыкеев журналисттердин суроосуна бүгүн, 12-январда, жооп берип жатып.

Эске салсак, учурда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов суракка алынууда.

Жапыкеевдин айтымында, пандемия учурунда 1000ден ашык адам каза болду, кимдир бирөө бул үчүн жоопко тартылышы керек.

"Күнөөлүүлөрдүн бардыгын суракка чакыртабыз. Эч кимге "скачуха" берилбейт", - деди ал.

Бүгүн Боронов биринчи жолу суракка келди, андан тышкары эки экс-премьер-министр, мурунку вице-премьер, соцблок үчүн жооптулар жана эки экс-министр Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Финансы министрлигинин жетекчилери чакырыла турганын, Жапыкеев кошумчалады.

"СИЗ боюнча, тез жардам боюнча - бул башка кеп, журналисттер чыдап тургула. Эми эле баштадык. Гумжардам боюнча да бардыгын текшеребиз. Канчасы келди, канча акча коротулду. Бардыгын суракка чакыртабыз. Керек болсо камакка алабыз", - деди ал. Бирок тергөөнун жашыруун болушуна шилтеп, кимди кармай турганын так билдирген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/373