Сизге жок дегенде бирөөсү тааныш. Дүйнө эли кызыгып көрүп жаткан сериалдар
RU

Сизге жок дегенде бирөөсү тааныш. Дүйнө эли кызыгып көрүп жаткан сериалдар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте эле эмес, үйдө, досторуңдун арасында жада калса маршурткада да эл оозунан түшпөй калган сериалдар тууралуу сиз көрбөсөңүз да жок дегенде эмне тууралуу экенин сырттан билсеңиз керек.

Дал ошол сериалдардын кайсынысы сизге тааныш?

"Бумажный дом" (Кагаз үйү)

"Бумажный дом" (Кагаз үйү) - Испаниялык криминалдык драма. Бул сериал Netflix стриминг кызматын кызыктырган. Аны бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө эли кызыгуу менен көрүп жатышат. Сериал мамлекеттеги иштебеген система жөнүндө. Андагы башкы каармандар талап-тоноочулар катары эсептелет. Бирок, алар уурдап эмес, банктан өздөрү акча иштеп чыгарып алышат. Бул жерде күч менен эмес акыл менен аткарылган ишти көрсөтөт. Андан тышкары сүйүү, жоопкерчилик жана башкалар чагылдырылат. Толук тартылып бүтө элек. Эл кийинки сезонун чыдамсыздык менен күтүүдө.

"Игра в кальмара" (Кальмар оюну)

"Игра в кальмара" (Кальмар оюну) - драма жанрындагы Түштүк Кореянын веб сериалы. Тогуз эпизоддон турган сериал акчага муктаждыктан улам жашоонун жашыруун оюнуна катышкан адамдардын тобу жөнүндө баяндайт. Тагыраагы акча үчүн адамдар эмнеге гана барбаганын, көрсөткөн. Сериалда жашоо үчүн күрөш жана анда эң маанилүүсү адам өмүру экенин көрсөтөт. Сериалдын дүйнөлүк премьерасы Netflix платформасында көрсөтүлгөн.

"Люцифер"

"Люцифер" - Америкалык телесериял. Сериал Netflixти кызыктырган.

Тозоктун эксцентрик падышасы Люцифер тактысынан тажап, Лос -Анжелеске барууну чечет. Люцифер түнкү клубдун ээси болуп, анда баш аламан жашоо образын жүргүзөт. Ал тааныган кызды өлтүрүп кеткенден кийин анын өлүмүнө ким жооптуу экенин изилдөөнү чечет. Издөө учурунда ал детектив Хлое Деккер менен таанышып калат. Ошентип, кылмыштарды ачууда анын шериги жана кеңешчиси болуп калат. Адаттан тышкаркы күчтөр экөөнүн бирге иштөөсүнө жардам берет. Бирок, Люциферге мурунку дүйнөсүнө кайтуу боюнча эскертүүлөр келип, абал татаалдаша берет.

"Половое воспитание" (Жыныстык билим берүү)

"Половое воспитание" (Жыныстык билим берүү) - Британиялык комедия-драма телесериалы. Анда Англиянын Мордейл шаарындагы орто мектеп окуучуларынын көйгөйлөрү тууралуу тартылган. 8 сериядан турган сериалдын биринчи сезону Netflix тарабынан ачылган. Сериал сексуалдык иденттүүлүк, гиперсексуализм, эрксиздик, мастурбация, сүйүү мамилесиндеги уялчаактык, өспүрүмдөрдүн сексуалдуулугу, өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу жана тобокелдүү сексуалдык жүрүм-турум сыяктуу темаларды камтыйт.

"Пентхаус"

"Пентхаус" дорамасы жыргалчылыкта жана бакубат жашоодо жашоону максат кылган аялдын тагдырын баяндайт. Ал болгон күчүн жумшап Каннамдагы элиталык пентхаустун жүзүнчү кабатында жашоону максат коёт. Барган сайын аял өзү жек көргөн желмогуздарга окшоп баратканын түшүнө баштайт. Ал эми экинчи сезонунда көрүүчүлөр социалдык пирамиданын чокусуна жетүүнү каалап, жамандыктарга белчесинен батып калгандардын андан аркы тагдыры менен таанышат.

Үчүнчү сезондо башкы каарман кордогон күйөөсүн гана жеңип, тынчтыкта ​​жашагысы келет. Бирок, күйөсү түрмөдө отурса да аялын кайра кордогонго жетишет. Интригалардан чарчагандардын тагдыры кантип өзгөрөт, каармандар акыры тынчтыкты жана бакытты таба алабы деген суроолордун тегерегинде болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3743