Эми Россияга кетүү үчүн билет жана ПЦР тест жетишсиз. Дагы эмнелер керек?
RU

Эми Россияга кетүү үчүн билет жана ПЦР тест жетишсиз. Дагы эмнелер керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияга иштегени же биротоло кеткен кыргыз жарандары дале көп.

Эске салсак, Москва шаарына (россиялыктар, алардын туугандары жана башкалар үчүн) чартердик рейстер бар, андан тышкары (бардык каалоочулар үчүн) туруктуу рейстер аткарылат.

Эгер буга чейин, туруктуу жүргөн рейс менен кетүү үчүн негиздеме талап кылынып, ар ким эле аны менен кете албайса, учурда бул шарттар өзгөртүлгөн.

Россияга бара турган кыргызстандыктар үчүн негизги шарт COVID-19 жок экенин тастыктаган ПЦР-тест негизги документ бойдон калууда. Бирок аны жөн гана кагазга чыгарып алуу жетишсиз, тиркемеге жүктөп коюу да зарыл.

Кыргызстандын жарандары үчүн шарттар

Кыргызстандын жарандары "Путешествую без COVID-19" мобилдик тиркемесин жүктөгөндөн кийин гана Россияга түз авикаттам аркылуу уча алышат. Ансыз чет элдик жарандарга РФтин аймагына кирүүгө болбойт.

Ошол тиркемеге ПЦР-тесттин натыйжаларын киргизүү зарыл.

ПЦР-тест Россияга бараардан 72 саат мурун жасалууга тийиш.

Учуп чыгуу үчүн инструктаж:

  • "Путешествую без COVID-19" тиркемесин жүктөп алуу;
  • ПЦР-тестин жасаган лабораторияга паспорт менен кайрылуу;
  • Лабораториядан анкетага жазыла турган маалыматты анын ичинде тиркеме жүктөлгөн телефондун номерин көрсөтүү;
  • Билдирүүдө көрсөтүлгөн QR-код'ду сканерден өткөрүү;
  • Учаардан мурун дагы бир жолу мобилдик тиркемедеги ПЦР-тесттин жыйынтыгы боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүн, тесттин мөөнөтүн (72 саат дегенди эске алабыз) текшерүү;
  • Учакка отуруп жатканда телефондогу тиркеме аркылуу QR-код'ду көрсөтүү;

Кыргызстандан Россиянын кайсы шаарларына учууга болот?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Россиянын төмөнкү шаарларына учууа болот: Москва, Санкт-Петербург, Анапа, Владивосток, Грозный, Екатеринбург, Жуковский, Казань, Калининград, Краснодар, Красноярск, Нижнекамск, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Самара, Сочи, Уфа, Чкаловский.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3746