Өкмөт үйүнүн жанында жарманке өтүп жатат. (Бирок, чынында ал митинг)
RU

Өкмөт үйүнүн жанында жарманке өтүп жатат. (Бирок, чынында ал митинг)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда, Бишкек мэриясынын имаратынын жанында Ош базарынын соодагерлеринин адаттан тыш митинги өтүүдө.

Жарманкеде соодагерлер 10 ай мурун келген продуктуну сатып жатышканын белгилешет. Алар башаламан содадан улам товарын сата алышпай жатканын айтышты. Ошондуктан бүгүн ушундай адаттан тыш акцияны уюштурушкан.

Соодагерлердин айтымында, алар салык төлөй албай калышты. Анткени Ош базарынын тегерегинде Бишкек мэриясынын уруксаты менен иштеп жаткан баш аламан (стихиялуу) соода кылгандардын айынан чыгым тартып жатышканын кошумчалашты.

Митингге келгендер аларды мэр өзү кабыл алуусун талап кылышууда. Буга чейин Ленин районунун акими кабыл алган, бирок маселе ордунан козголгон эмес. Ошондщой эле бул ирээт да көйгөй чечилбесе, өкмөт үйунүн алдына бара тургандыгын айтышты.

Учурда алар менен сүйлөшүүго Ленин районунун башчысы чыгып, сүйлөшүүлөрду жүргүзүүгө үндөп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3756