Улуттук банктын жаңы төрагасы сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасады
RU

Улуттук банктын жаңы төрагасы сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 7,6 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү, деп маалымдайт Улуттук банк.

Улуттук банк бүтүм жасалган күндөн кийин эсептешүү менен 7,6 миллион доллар сатты.

1-октябрдагы интервенция экинчи жолу болгон.

27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 31,1 млн доллар саткан.

Жалпысынан 2021-жылы Улуттук банк валюта рыногуна сегиз жолу интервенция жасап, 311 миллион 150 миң доллар саткан.

Маалымкат

Валюта интервенциясы - өлкөнүн борбордук банкынын улуттук валютаны кармап турууга же алсыратууга багытталган аракети. Анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү валюта бир убакта же чектелген мезгилде сатылып алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3761