Храмдын фонунда провакациялык сүрөт тарткан тажик блогери депортацияланат
RU

Храмдын фонунда провакациялык сүрөт тарткан тажик блогери депортацияланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы сот Тажикстандык блогер Руслан Бобиевди он күнгө камакка алып.ж беш миң рубль айып пул салып, Россиядан депортациялоо бүтүмүн чыгарды. Эске салсак, блогер Кызыл аянттагы Василий Блаженный храмынын фонунда провокациялык фотосессия уюштурган болчу, деп "Газета.Ru" жазды.

29-сентябрда Бобиев өзүнүн Instagram- жана TikTok- аккаунттарына Москванын борборунда тартылган сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Кадрда эркек киши полиция формасын кийген славян улутундагы кыз менен жыныстык катнашты имитация кылышат.

"Эмгек кодекси - Жазык кодекси эмес, аны бузса деле болот", - деп сүрөттүн алдына жазып, кийинчерээк постун өчүргөн болчу.

Сүрөт социалдык тармактарга жайылып, публикация резонанс жараткан. Колдонуучулар динчил адамдардын сезимин шылдыңдап жатат деп арыздана башташты.

Жыйынтыгында бир нече сааттан кийин 23-жаштагы Бобиев жана анын курбусу камакка алынган. Полицияга каршылык көрсөткөндүгү үчүн аларга карата административдик протоколдор түзүлүп, сүрөттөгү кыз 19 жашар модель Ася Акимова экени аныкталды. Ага да полиция формасын мыйзамсыз кийгендиги үчүн протокол түзүлдү.

100 миң катталуучусу бар Бобиевдин аккаунту блокко салынды. Белгилүу болгондой, анын расмий киреше булагы жок, учурда МГУнун студенти. Күнүмдүк жашоосуна пранктарды (кишилерге артынан кол салып, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, фудкорттордо жб. жерлерде мушташ уюштуруп) жасап акча таап келген.

Камакка алынгандан кийин Бобиевдин кечирим сураган видеосу чыккан. "Мен чын дилимен кечирим сурайм, экинчи мындай кылбайм. Сөз берем, эмкиде эч качан мындай иштерди жасабайм", - деп айткан. Ал храмдын алдындагы провокациялуу сүрөтү үчүн орус улутундагы ар бир адамдын алдында кечирим сураганын билдирди.

"Мен жасаган ишиме өкүнүп жатам, мени жөн гана депорт кылып салгылачы, экинчи бул жака келбегидей болоюн", - дейт блогер.

Россиядагы тажиктер союзунун башчысы Абдулло Давлатов анын мекендештери Бобиевдин кылыгына аябай уялып жатканын билдирди.

"Мындай акмактардын улуту да, дини да болбойт. Бул аморалдуу жүрүм-турум. Орус улутундагыларды жана православ динин туткандарды эле мазактоо болуп саналбайт", - деди диаспоранын жетекчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3763