Тышкы жарыктандырууну өчүрүп, канча электр жарыгын үнөмдөдүк?
RU

Тышкы жарыктандырууну өчүрүп, канча электр жарыгын үнөмдөдүк?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-сентябрда Улуттук энергохолдинг тиричиликке кирбеген, башкача айтканда кафе, ресторан, дүкөндөрдүн сырттагы жарыктандуруусун өчүрүүгө милдеттендире тургандыгын билдирген. Андан тышкары, парк менен көчөлөрдө да электр жарыгы түнкү 23:00дөн кийин өчүрүлөт, деп маалымдаган. Мындай чаралар электр жарыгын үнөмдөө максатында кабыл алынган.

Бул канчалык деңгээлде электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берет, деген суроого Улуттук энергохолдинг эсептөөлөрдү жүргүзө элекпиз, деп жооп берген. Ал эми 4-октябрда, ведомоство өзүнүн айтып чыккан демилгесин кайра артка чакыртып алганы белгилүү болду. Анткени мындй чара көрүүнүн пайдасы өтө эле күмөн.

Кафелердин тышкы жарыктандыруусун жана парктардагы лампочкаларды өчүрүп канча үнөмдөдүк экен?

Маселен, 26-сентябрда күнүмдүк үнөмдөлгөн электр жарыгынын көлөмү саатына 400-500 миң кВт болду.

2021-жылдын август айында керектөө 959 млн 540 кВт саатына түзгөн.

Ошол эле учурда, Кыргызстан ай сайын 1 млрд кВт саатына сарптайт.

Улуттук энергохолдинг бидиргендей, үнөмдөөнүн натыйжасы сезилбейт деле экен.

Ошентип, 2021-жылдын апрель айынан августуна чейин бекитилген лимиттен 471 млн кВт саатка көбүрөөк колдонулган, башкача айтканда 14%га ашыгыраак.

Энергетиктер адаттагыдай эскертишет, бекитилген лимиттен ашыруу энергетикалык шаймандардын иштен чыгып калуусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан электр жарыгын үнөмдөп колдонууга үндөштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3773