Бишкекте үч эм төрөлдү
RU

Бишкекте үч эм төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-октябрда Бишкектин №4-төрөт үйүндө үч эм кыз төрөлдү. Бул тууралуу kaktus.kg редакциясына ымыркайлардын чоң апасы Чынара Апыкеева билдирди.

Анын айтымында, ымыркайлар кесарево жолу менен бүгүн эртең мененки саат 09:00до жарык дүйнөгө келишкен. Салмактары 2 170гр, 2 160гр жана 1 800гр болуп төрөлүштү. Келини Бермет Дубашеванын жана ымыркайлардын абалы жакшы, учурда кычкылтек аркылуу дем алып жатышат.

"Бизге башында эгиз деп айтышкан. Үч эм экенин кийин билип отурабыз. Уул келинимдин мындан тышкары дагы эки балсы бар. Улуу кызы 7 жашта, андан кийинки уулу январь айында 4кө чыгат. Уулум фура айдайт, келиним мугалим, кытай тилинен сабак берет. Учурда бишкекте батирде турушат", - дейт Чынара Апыкеева.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3781