Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет дүйнө чемпиондугун алган алгачкы кыргыз спортчусу
RU

Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет дүйнө чемпиондугун алган алгачкы кыргыз спортчусу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.

Мелдешке 62 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келди.

Биринчи бөлүктө калыс каршылашка активдүү болбогону үчүн эскертүү берип, кыргыз балбанына бир упай ыйгарды. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова эки упайлык ыкма жасап, эсеп санын 3:0гө айлантты. Буга каршылаштын машыктыруучусу нааразычылыгын билдирип, челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоодон кайра кайталап көрүп, Айсулуу Тыныбековага дагы бир упай ыйгарышты. Андан кийин Айсулуу Тыныбекова атаандашты килемден түртүп чыгарып, дагы бир упай алды.

Беттеш аяктарына 2 секунд калганда Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына дагы бир жолу өтүп 2 упай алып, эсеп санын 7:0 кылды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова катары менен экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.

Айсулуу Тыныбекова муну менен Кыргыз курамасына Дүйнө чемпиондугундагы үчүнчү медалды алып келди. Буга чейин 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев күмүш, 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге уткан.

Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.

Маалымат super.kg порталынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3782