Тажикстан Кыргызстанга электрэнергиясын бере тургандыгын четке какты
RU

Тажикстан Кыргызстанга электрэнергиясын бере тургандыгын четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын энергетика жана суу реурстары министрлиги Кыргызстанга элекэнергиясын бере тургандыгын танды. Коңшу өлкөнүн энергоминистрлиги Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону сунуштаган эмес, деп билдирди.

"Өткөн жумда Кыргызстандын "Улуттук энергохолдинги" "Барки Точик" компаниясына кайрылып, алардын өлкөсүндөгү суу тартыштыгына байланыштуу электр энергиясынын дефицити жаралганын билдирген.

Тажик тарапка электрэнергиясын Кыргызстанга берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Тажикстандын энергоминистрлиги Кыргызстанга электрэнергиясын экспорттоо маселеси өткөн алтынчы күнү Душанбеде кыргыз делегациясы менен талкуулаганын белгиледи.

Учурда бул сунуш тажик тараптан каралып жатат. Бул күндөрү Тажикстандан Кыргызстанга электрэнергиясын берүү "Борбор Азия жана Казакстандын түштүк аймагындагы энергосистемалардагы электр энергиясынын агымын баланска келтирүү методикасына" (20.03.2015-жылы Душанбе шаарында түзүлгөн №21-Протокол) ылайык жүргүзүлүүдө", - деп Тажикстандын жообун Asia-plus порталы жазды.

Бул документ боюнча эки өлкөнүн ортосунда энергетикалык системалардын иштеп жаткандыгын текшерүү үчүн "техникалык электрэнергия алмашуу" каралган. Бул механизм бир нече жылдан бери ишке ашырылып келет жана коммерциялык карым-катнашты камтыбайт.

Эске салсак, мындан мурун Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-октябрдан тарта Тажикстан Кыргызстанга электрэнергиясын бере баштаганын билдирген. "Тажикстанда азыр электр энергиясы жетиштүү көлөмдө, ошондуктан бизге сатууну сунушташты. Күнүнө 1 млн кВт/саатына импорттоп турабыз. Баасын азырынча айтпайм. бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп Бекмурзаев билдирди.

Бекмурзаев, ушул айда Тажикстандан 30-50 млн кВт/саатына импорттоо пландаштырылып жатканын белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3787