Жатынымда суу бар экен. Бул коркунучтуу эмеспи?
RU

Жатынымда суу бар экен. Бул коркунучтуу эмеспи?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламатсызбы! Жакын да эле УЗИге түшсөм, жатынымда суу бар болуп чыкты. Ошондон бери кабатыр болуп жатам. Курбуларым боюма бүтпөй калышын айтты. Бул коркунучтуу эмеспи?

Жамиля Сагинова, Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Адатта УЗИден жатындын арткы тарабында суюктук көрүнөт. Эгер ал суюктук менструалдык циклдин орто ченинде болсо, жана жумуртка бездеринде сары тело бар экени тастыкталса, бул норма болуп саналат.

Ал эми суюктук циклдин башка учурунда болсо, этек кири учурундагы оруксунуу аялдын тынчын алып, узак убакытка чейин бойго бүтпөө ж.б. симптомдор байкалса, анда доктурга көрүнүп, так себебин аныктоо сунушталат.

Бардык нерсе индивидуалдуу, диагноз бейтаптын арызданууларынын негизинде, анализдердин жыйынтыгы менен коюлат.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Маалымат bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3789