ИИБ: Кара-Кулжада милиция кызматкерлерине ок атылып, экөө жарадар болушту
RU

ИИБ: Кара-Кулжада милиция кызматкерлерине ок атылып, экөө жарадар болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-январдан 13-январга караган түнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда милицияга ок атышкан. Бул тууралуу облустун ИИБси Kaktus.media редакциясына айтып берди.

Белгилүү болгондой, болжол менен түнкү саат 01:10до, Кара-Кулжа ИИБсинин өспүрүм балдардын иши боюнча инспектору, "Нива" маркасындагы унаада отурган. Ошол учурда белгисиз бирөө келип, 16 мм болгон аңчылык мылтыктан атып, милиция кызматкери жарадар болгон.

Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу жетип келген. Тергөөчү Д.К. кызматтагы унаасынан чыгып келатканда ага да ок атылган. Тергөөчү кол салган адамга жооп кайтарып ок аткан, бирок ал белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факт боюнча "Өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Б.С. жана Д.К. милиция кызматкерлери учурда райондук ооруканада. "Перехват" планы жарыяланып, район милиция тарабынан курчоого алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/378