"Ал жөн эле президенттин жардмчысы". Мариповдун сопровождение менен жүргөнү суроо жаратты
RU

"Ал жөн эле президенттин жардмчысы". Мариповдун сопровождение менен жүргөнү суроо жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эмне үчүн министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов сопровождение менен жүрөт деп сурады. Бул суроону парламентарий бүгүн, 6-октябрда, Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда, президенттин өкүлү Анарбек Калматовго узатты.

"Министрлер кабинетинин төрагасы, мурункусундай, премьер-министр кезиндегидей милициянын коштоосунда жол жүрөт. Бирок, азыркы күндө ал жөн гана президенттин жардамчысы", - деди депутат.

Бекешев мисал катары президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовду келтирди. Ал эч бир коштоосуз жана коргоосуз жүрөт.

Калматов буга дале эски мыйзам иштеп жатат, анткени жаңы мыйзам министрлер кабинети тарабынан кабыл алына элек, деп жооп берди. Ошол эле учурда, жаңы мыйзам кабыл алынаары менен ушул суроону көтөрүп чыгарын убадалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3795