Мамлекеттик кызматкерлердин саны кайрадан 30% га кыскарабы?
RU

Мамлекеттик кызматкерлердин саны кайрадан 30% га кыскарабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлердин санын 30%га кыскартуу ниетинде. Бул тууралуу 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, кыскартуулар министрлер кабинети жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, кызматтан алынган чиновниктерге өкмөт компенсация төлөп берээрин айтты.

Жапаров пикири боюнча бошотулгандар башка жумушка орношо алат, болбосо жумушсуздук боюнча жөлөк пул берилет.

Бүгүн парламент министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөткөн.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июль айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин санын 30%га кыскартуу боюнча жарлыкка кол койгон болчу. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев кыскартуулар келерки жылга чейин жүргүзүлөрүн түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3796