Октябрь митингине активдүү катышкандар менен азыр эмне болду?
RU

Октябрь митингине активдүү катышкандар менен азыр эмне болду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан бир жыл муруну өлкөдөгү кырдаалды кескин өзгөрткөн октябрь окуялары орун алган. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу акциясы саясий төңкөрүшкө айланды.

Өткөн жылдагы митингдерге көптөгөн саясатчылар, активисттер жана лидерлер катышкан. Кимдир бирөө каршылык акциясынын модератору болсо, башкасы трибуналардын каараманына айланган, ал эми айрымдары жөн гана четте карап турду.

Kaktus.media бул кооптуу күндөрү Ала-Тоо аянтында жүргөндөрдү эстеди.

Эльвира Сурабалдиева

Бир жыл мурун КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болчу, жаңы чакырылышка "Ата Мекен" партиясынан аттанган. Ал 5-6-октябрдагы окуялардын лидерлеринин бири эле. Бийликке Садыр Жапаров келгенден кийин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп жүрдү. Бирок үч айдан кийин кызматынан кеткен. Учурда расмий түрдө эч жерде иштебейт.

Тилек Токтогазиев

Октябрь айында эмнелер гана болгон жок! Демилгелердин бири боюнча Тилек Токтогазиев премьер-министр болмок. Анын талапкерлигин "Координациялык кеңеш" сунуштаган. Бирок ал жана башка саясатчылар бир пикирге келгичекти, дагы бир саясий топ башкача оюн жүргүздү. Садыр Жапаровдун өкмөтүндө ага айыл чарба министрлигинин кызматы тапшырылды. Бирок ал жерде деле көпкө турган жок. Үч айдан кийин кызматынан бошотулду. Жакында "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болгону маалым.

Сыймык Жапыкеев

Эл оозуна алынган чакырыктардын автору, эмоционалдуу жана артистик жайы бар Жапыкеев 5-октябрь күнү каршылык акциясына чыккан эң активдүү саясатчылардын бири болчу. Текебаев аны броневиктин үстүндө турган Ленинге салыштырган эле. Жаңы министрлер кабинетинде Жапыкеев ЭКККнин жетекчиси кызматын алган. Бирок ал жерде бир аз эле иштеп, кийин баарбызга маалым болгондой бул ведомоство толугу менен жоюлду. Сыймык Жапыкеевдин учурда жумушу жок, а бирок, финансы полициясынын генерал-майору деген наамы бар.

Курсан Асанов

Өткөн жылы Курсан Асанов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан шайлоого катышкан. 5нен 6-октябрга караган түнү борбордун коменданты болуп дайындалып, 7-октябрда ички иштер министринин милдетин аткаруучу болгон. ИИМ расмий сайтында дагы аны жетекчинин милдетин аткаруучу деп жазышкан. Бирок кырдаал укмуштуудай тездик менен өзгөрүп, 10-октябрда аны УКМК камакка алып, "массалык баш аламандыктарды уюштурду" деп айыптады. Андан тышкары, "имаратты басып алды" деген күнөө коюлду. Учурда ал эң коркунучтуу кылмышкерлер кармалган №50-абакта отурат. Берки айыптоолорго "бийликти күч менен басып алуу аркетин көрүү" деген кине да кошулду.

Мелис Аспеков

Мелис Аспеков жогоруда саналган активисттерден айырмаланып, ошол күндөрү аянтта Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын колдоо максатында гана жүргөн. 5-октябрда аянтка чыккан эл, колонияда отурган Садыр Жапаровду ойлогон да эмес. Аспеков калың элдин арасында жүрүп, улам Садыр Жапаровдун атын кыйкырып турган. Эртеси күнү ал эркиндикке чыгарылды. Чын дилинен кызмат кылган тарапташ, болочок президенттин жакын чөйрөсүндө болчу, ал эми учурда "акча опузалаган" деген айыптоо менен СИЗОдо отурат.

Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова жана "Реформа" партиясы 5-октябрда активдүү каршылык көрсөткөндөрдүн бири эле. 7-октябрда Сооронкулова жана башка активисттер Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы чыгып, көптөгөн мыйзам бузууларга жана саясатчыларга кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыгышкан. Ал биринчилерден болуп, бийлик кылмыштуу топтун жардамы менен басылып жатат деген. Башка саясий лидерлер менен "Акыркы үмүт" макулдашуусуна кол коюп, Өмүрбек Бабановду колдошкон. Тилекке каршы, бул бирикменин өмүрү кыска болду. Учурда "Реформа" партиясы "Ата Мекен" менен биригип, шайлоого чогу бармай болушту.

Жеңиш Молдокматов

Ал "Замандаш" партиясынан шайлоого катышып, октябрь окуяларынын активдүү катышуучусу болгон. Учурда 6 жана 9-октябрдагы митингдердин негизинде кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Молдокматов жаңы бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтукка алындым, деген пикирде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3799