Баланы тротуарга ыргытып жиберген. Видео
RU

Баланы тротуарга ыргытып жиберген. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда аял колундагы баласын жерге ыргытып жиберген видео таралууда.

Анда ал бир нече балдары менен, бирин колуна көтөрүп келе жаткан. Колундагы баланы асфальтка ыргыткандан кийин кайра көтөрүп басып кеткен.

Видеону жөнөткөн колдонуучунун айтымында, окуя 5-октябрда Кара-Балтадагы 40 лет Киргизии көчөсүндө болгон. Колдонуучу өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына кайрылгысы келгенин, бирок, бул аялдын чоо-жайын билбей жатканын жазган.

Kaktus.media сайтына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алар бул окуядан кабардар болуп, учурда маалыматты тактап жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3806