Курсан Асановдун иши. Аудиожазуунун экспертизасы даяр
RU

Курсан Асановдун иши. Аудиожазуунун экспертизасы даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова аудиожазууну экспертизага Москва жана Алматыга жөнөткөн.

Жакупбекова Kaktus.media редакциясына билдиргендей, экспертиза даяр. Анда аудиотрек монтаждалган жана Курсан Асановдун үнүн аныктоо мүмкүн эмес деп көрсөтүлгөн.

Специалисты пришли к мнению, что запись, где экс-замминистра внутренних дел Курсан Асанов якобы говорит о захвате власти, смонтирована. В документах по секундам расписано, в каких местах есть монтаж двух или более аудиофайлов", - заявила адвокат.

"Эксперттер Курсан Асанов бийликти басып алуу жөнүндө айтып жатат делген аудиожазуу монтаждалган деген тыянакка келишти. Документте кайсы жерлерде эки же андан көп аудио файл колдонулганы секундасы менен жазып көрсөтүлгөн",- деди адвокат.

Эске сала кетсек, Асанов интернетке Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмаз Сарыбаев менен бийликти басып алуу ниети тууралуу сүйлөшкөн деген жазууну жарыялагандан кийин кармалган. Учурда Асанов №50-абакта. Анда өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер отурат.

Эксперттик корутундулар төмөндөгү тиркемелерде.

Тиркелген файлдар
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3808