Студенттердин контрагын төмөндөтүүдөн баш тартышты. Окуу жайлар себебин билдиришти
RU

Студенттердин контрагын төмөндөтүүдөн баш тартышты. Окуу жайлар себебин билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-январда, Билим берүү жана илим министрлиги контарктык негизде билим алган студенттердин окуу акысын төмөндөтүү талабына жооп кайтарды.

Ведомствонун жетекчисинин орун басары Нурлан Омуровдун айтымында, 185 миң студентти 17 миң мугалим окутат. Окутуу форматын дистанттык негизге өткөргөнү менен алар иштегенин токтотушкан жок. "Биз процессти токтоткон жокпуз, ошондуктан алар айлык алууга укуктуу", - деди министрдин орун басары.

Министрликтин бюджеттик саясатты жана финансыларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Акыйкат Баймуратова, ведомствонун бюджети 5 млрд 108 млн сомду түзөт, деди. Бюджеттин 11%ы - 589 млн сом - гранттык негизде окуган студенттерге багытталган, дагы 88,5% - бул конракттык негизде окуган студенттерден келип түшкөн каражат.

"Азыркы учурда каржылоонун негизги булагы контрактык каражаттар. Бюджеттин олуттуу бөлүгү кызматкерлердин, мугалимдердин айлык акысын төлөөгө жумшалат. Андан тышкары материалдык-техникалык база жаңыланат, коммуналдык кызматтарга төлөнөт, китептер басылып чыгарылат, электрондук форматка өткөрүлөт.

Ошондуктан, биз контрактын акысын төмөндөтө албайбыз. Бул вуздардын капчыгына чоң сокку болуп, бюджеттин кыскарышына алып келет.

Андан тышкары, аз сандагы студенттер окуган университеттер такыр эле жабылып калышы мүмкүн, биз андайга жол бере албайбыз, - деди Баймуратова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/380