Момобеков: Ширшовдун киргени чатак эмес, ал өз схемаларын ала киргени чатак
RU

Момобеков: Ширшовдун киргени чатак эмес, ал өз схемаларын ала киргени чатак

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ширшов келиптир, тиги-бу менен жолугуптур, деп айрым массалык маалымат каражаттарында жазылып жүрөт. Ширшовдун киргенинде чатак эмес. Кептин бардыгы Ширшовдун схемасы киргендигинде. Кеп Ширшовдун таманында эмес, кеп Ширшовдун заманында. Кеп Ширшовдун кадамында эмес, кеп Ширшовдун адамында. Мында Ширшовдун убагындай "веерный отлкючение" башталды, а булар аны "плановый отключение" деп атап алышты. Ким ишенет? Азыр 7-октябрда Чүйдүн жарымында свет жок. Мен эртең менен карадым "Северэлетрону". Веердик отключение, ремонт дейт. Эй, ремонтту июнь, июль, августта кылат да! Күзүндө кылабы, кыш түшкөндө кылабы?", - деп Момбеков нааразычылыгын Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

"Өздөрү айтып атышат, биз жөн гана имитация кылып атабыз деп. Мен энергетика жетекчилерин түшүнгөн жокмун. Бири айтты свет өчпөйт деп, бири айтты түнкүсүн шамдрды өчүрүш керек, ненормальный адамдар түндө жүрөт деп. Кайта ненормальный болуп өзү өз буйругун жокко чыгарды. Кечээ министрибиз айтты, биз Тажикстандан электрэнергиясын импорт кылып алып атабыз деп, бир күндө 1 млн кВт. Андан кийин эле тажиктердин министри айтты биз малыматты каткан жокпуз, биз кыргыздарга электрэнергиясын саткан жокпуз деп. Ал ортодо ажобуз да айтып алды, алып жатабыз деп", - деди депутат.

Момбеков энергетика тармагындагы эрксиз адамдарды караш керек, жоопкерчиликке тартыш керек деген пикирде.

Эске салсак, Алексей Ширшов Максим Бакиевдин жакын досу болчу. Ал Кыргызстандагы энергетика тармагын көзөмөлдөп келген. Эл арасында "ширшов схемалары" деген сөз айкашы кеңири тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3813