Милиция кызматкерлерин ичип алган усталар сабап салышты
RU

Милиция кызматкерлерин ичип алган усталар сабап салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыйзамсыз курулуш менен алектенип жаткандарды токтотууга аракет кылган полиция кызматкерлерин усталар ур токмокко алышкан. Окуя Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында болгон. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-августта түшкө жакын мас куруучулар милициянын курулушту токтотуу талабын аткарбай, тескерисинче аларды таяк жана рейка менен сабашкан.

Новопавловск айылдык милиция бөлүмүнүн үч кызматкери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ооруканасына жеткирилген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча катталды.

Беш адам кармалып, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы иликтөө жүргүзүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3814