Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды
RU

Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №67-мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Kaktus.media'га окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Алардын айтымында, карантин 8-октябрдан 18-октябрга чейин созулат. Бирок себеби айтылган жок.

Мэрия редакцияга бул маалыматты төгүндөгөн жок, бирок тастыктаган да жок. Алар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна кайрылууну сунушташты. Так ушул ведомоство тиги же бу билим берүүчү мекемелерди жабуу боюнча буйрук чыгарат. Бирок борбордун директору же орун басары менен байланыша алган жокпуз, алар телефон чалууларга жооп беришкен жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3821