Депутат Айнуру Алтыбаева Оштогу учактын өзүнө чейин машине менен келди (видео)
RU

Депутат Айнуру Алтыбаева Оштогу учактын өзүнө чейин машине менен келди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Оштогу аэропорттун автобусунан тартылган видео тарап жатат. Элдер Бишкекке уча турган рейсти күтүүдө.

Видеодо көрүнүп тургандай, адамдар бир нерсени күтүп турушат, терезеден депутат Айнуру Алтыбаева үй бүлөсү жана жардамчысынын коштоосунда самолеттун трапына чейин унаасы менен келип, самолетко түшүп жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактын колдонуучулары Ош-Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрүн учактын бортуна отургузбай, депутат Айнуру Алтыбаева келип түшкөнчө 20 мүнөт кармашты, деп айтып беришти.

Депутат бул маалыматты жалган деп айтып, Ош-Бишкек рейсинин кармалганына ал күнөөлү эмес экенин билдирди.

"Авикомпания бортту алмаштырган үчүн рейс кармалып калды. Биз жүргүнчүлөр бардыгыбыз ошол процедураны күтүп калдык. Борт алмашкандын айынан жүргүнчүлөрдү орду-ордуна отургузганда да көйгөйлөр жаралды! Бул постту жазган адамга боорум ооруп турат, эптеп эле бир нерсе чыгарыш үчүн калпты ышкыртып жатат", - деп жазган.

Ошондой эле Алтыбаева сотко бере тургандыгын билдирген, бирок кийин бул оюнан кайтты.

Учактын трапына чейин аэропорттун автобусу (эске салсак, аэропорттун бул аймагы стерилдүу болуп эсептелинет) менен эмес машине менен келгенине Алтыбаева эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Аэропорттун басма сөз кызматы Kaktus.media редакциясына берген маалыматына ылайык, бардык депутаттар башка жүргүнчүлөр сыяктуу эле процедуралардан өтүп, учакка расмий делегациялар залы аркылуу отурушат.

"Негизи учакты жыйнап жатышкан, бирок эмне үчүн рейстин кармалып калганын авиакомпаниядан билүү керек. Учакка отурууга компания өзү уруксат берет", - деп аэропорттон белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3823