Белгисиз адамдар онго жакын унаанын айнектерин сындырышкан. Видео
RU

Белгисиз адамдар онго жакын унаанын айнектерин сындырышкан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-октябрга караган түнү, Бишкектин 12-кичи районунда белгисиз адамдар онго жакын унаанын айнектерин сындырышкан. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын биринин айтымында, жабыркаган унаалар мындан да көп болушу мүмкүн. Кээ бир машиналардын салондорунан баалуу нерселер жоголгон.

Бишкектин патрулдук милициясы окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3827