Эки миңдей батир жылуулуксуз калышы мүмкүн. Кимдер жана кайсы учурда?
RU

Эки миңдей батир жылуулуксуз калышы мүмкүн. Кимдер жана кайсы учурда?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте электр жарыгы өчсө, кеминде 40тай көп кабаттуу үй жылуулуксуз калышы мүмкүн.

"Түндүк электр" ААК Kaktus.media сайтына 1987 батир, электр энергиясы менен жылытылаарын кабарлады. Булар "Түндүк электрдин" гана абоненттери. Борбордо үйлөрдү электр энергиясы менен жылыткан башка да бөлүштүрүүчү компаниялар бар.

Эске салсак, Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу суу дээрлик 2,9 миллиард куб метрге аз. Бул көлөмдү үнөмдөө Бишкектин ЖЭБине милдет жүктөлгөн. Энергетика жана өнөр жай министрлиги жылытуу мезгилинде электр жарыгы өчүрүлбөйт деп ишендирүүдө. Бирок, ал өзгөчө кырдаалдарды да жокко чыгара албайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3830