"Ата Мекен" партиясынын биринчи бештиги белгилүү болду
RU

"Ата Мекен" партиясынын биринчи бештиги белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-октябрда "Ата Мекен" партиясы шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, анда ушул жылдын ноябрь айынын аягында боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн алдыңкы беш талапкерди бекитти. 54 кишиден турган партиянын толук тизмеси кийин жарыяланат.

Шайлоодо "Ата Мекен" партиясын Өмүрбек Текебаев жетектейт. Алдыңкы бештикке Клара Сооронкулова, Тилек Токтагазиев, Али Токтакунов жана Наталья Никитенко дагы кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин "Ата Мекен", "Реформа" жана "Туран" партиялары "Эгемен" коалициясын түзгөнүн жарыялашкан.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округунда пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) шайланса, дагы 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат. Жалпысынан кийинки чакырылыштын жаңыланган ЖКсында 90 депутат болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3842