"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы бештигинде кимдер бар?
RU

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы бештигинде кимдер бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-октябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, анда ушул жылдын ноябрь айынын аягында өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн алдыңкы беш талапкерди бекитти.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров. Алдыңкы бештикке "Коммунисттер партиясынын" лидери Исхак Масалиев, активист Орозайым Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев жана Кыянбек Сатыбалдиев дагы кирди.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округунда пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) шайланса, дагы 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат. Жалпысынан кийинки чакырылыштын жаңыланган ЖКсында 90 депутат болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3843