Акча табуу, окуу жана башка пайдалуу нерселерди үйрөткөн TikTok колдонуучулары
RU

Акча табуу, окуу жана башка пайдалуу нерселерди үйрөткөн TikTok колдонуучулары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

TikTok баракчасын пайдалуу тарапка колдонуп, каражат тапкандар тууралуу.

TikTok дегенде сиз эмнени элестетесиз? Окшош музыкаларга бийлеп, бир трендди кайра-кайра кайталаган көңүл ачуучу нерселердиби?

Бул тармакты башка багытта колдонгон, тагыраагы пайдалуу нерселерди үйрөткөн, өзгөчө, пайдалуу контент жараткан тиктокерлер тууралуу сөз кылабыз.

mr Bean da Matematica (@mrbeandamatematica)

Bean da TikTok аркылуу математика жана геометриядагы маселелерди оңой жол менен чыгарууну үйрөтөт. Ал бразилия тилинде үйрөткөнү менен маселени чыгаруудагы көрсөтүлөрү баарына эле түшүнүктүү. Бирок, көбүнчө үнсүз, жаңсоо тили менен көрсөтүп берет. TikTokто 1,7 М жазылуучусу бар. Башка социалдык баракчаларын да активдүү алып барат.

Александр Степенко (@feelstep)

@freelstep

🖥️🖱️ Клиент из США 🇺🇲

♬ ZITTI E BUONI - Måneskin

Фрилансер болуп канча каражат тапса болоорун көрсөтүп берет. Ал аз убакыттын ичинде буюртмаларын кантип бүтүргөнүн көрсөтөт. Ошондой эле логотип, сүрөт, видеолорду кантип өзгөчө жана бат жасооону орус тилинде үйрөтөт. 254,9К катталуучусу бар.

Буланти (@bulanti.shop)

@bulanti.shop

С чем носить чёрное худи осенью и зимой!

♬ оригинальный звук - Gena

Буланти эркектер үчүн кайсы кийимди эмне менен кийсе жакшы көрүнөт. Арык, толук, кыска жана узун балдар үчүн кайсы кийим туура келээрин көрсөтүп берет. Ошондой эле өңдөрдү бири-бирине жараштырып кийинүү жана жаңы тренддер тууралуу айтат. 227,3К жазылуучусу бар,орус тилдүү.

Кате Шевченко (@kkshevchenko)

Шевченко пайдалуу тамактар тууралуу бөлүшүп турат. Өзүнүн фигурасы үчүн каптип күрөшүп жаткандыгын көрсөтүү менен көбүнчө арыктоого керектүү тамактардын рецептери менен бөлүшөт. Күнүмдүк жашоодо колдонгон жөнөкөй азык-түлүктөр менен тамак-аш, суусундуктарды жасайт.

Эльдар Тыналиев (@tynalieff)

@tynalieff Хочу снять социальный ролик про то, что добро возвращается. Хочешь поучаствовать? Пиши в комментариях #социальныйэксперимент ♬ Paris - Else

Эльдар кыргыз блогер. Ал пайдалуу лайфхактар, физикалык кубулуштар, социалдык эксперименттер, кызыктуу тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ошондой эле социалдык тармактарды туура пайдалануу боюнча ойлорун жазып турат. Кыргыз тилдүү жигит. Бирок, аудиториясын көбөйтүү үчүн баракчасын орус тилинде алып барат. 1,6М катаалучусу бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3847