Үч лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады. Тизме
RU

Үч лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова Бишкектин айрым лабораторияларындагы ПЦР-тесттин баасы төмөндөгөнүн билдирген.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, ордо калаадагы жеке менчик лабораториялар былтыр бир ПЦР-изилдөөнү 3 000 сомго чейин жасашкан.

"2021-жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин ПЦР-тест тапшыруу арзандады", - дейт Жумаканова.

ПЦР-тесттин баасы арзандаган лабораториялар:

  • Бонецкий - 1 690 сом;
  • AquaLab - 1 700 сом;
  • Гемотест – 1 400 сом.

Азыркы тапта өлкө боюнча коронавирусту аныктай турган 19 лаборатория иштеп жатканы айтылды. Анын ичинен 13ү мамлекеттик, алтоо менчик болуп саналат.

Маалымат sputnik.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3848