Төрөп жаткан келиндин күйөөсү тез жардамдын айдоочусун сабап салды
RU

Төрөп жаткан келиндин күйөөсү тез жардамдын айдоочусун сабап салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тез жардам кызматынын айдоочусун сабап салышты. Бул тууралуу Kaktus.media редкциясына Медициналык тез жардам көрсөтүү борборунан билдиришти.

"9-октябрда, болжол менен 14:25те Фрунзе көчөсү дареги боюнча 42 жашар келиндин (бешинчи төрөтү) толгоосу кармап жатат деген билдирүү келип түшкөн. Бир нече мүнөттүн ичинде бригада жөнөп кеткен. Алыстан келатканына байланыштуу бейтапка жарым саатта жетишкен. Үйүнө кирип барганда, келиндин күйөөсү кеч келгендиги үчүн айдоочуга кол салып, башын эшикке кыпчып, муунткан. Айдоочу жол алыс болгонун түшүндүрүүгө аракет кылганына карабастан сыртка сүйрөп чыгып, тепкиге алган", - деп тез жардам борборунан айтып беришти.

Ошол эле учурда келинчеги бригаданы таш менен чапкылаган. Төрөтүнө чейин дагы көп бар болчу окшойт. "Мындай көрүнүшкө карабстан бригада аны госпитализациялаганга аракет кылган. Бирок алар баш тартып, таксиге отуруп кетип калышкан. Тез жардамдын айдоочусу баш мээси чайкалып жана башка жаракаттарына байланыштуу учурда ооруканада жатат", - деп билдиришти.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3849