Зергер буюм саткан дүкөн көп аял алууну жарнамалаган ролик чыгарды
RU

Зергер буюм саткан дүкөн көп аял алууну жарнамалаган ролик чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Алтын" зергер боюм саткан дүкөндүн жарнамасында үч келин өздөрүнүн байынан алган белектери менен мактанышат. Бул роликти холдингдин кожойкеси Антонина Бабосюк өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамы боюнча, бир эле учурда бир нече никеге турууга тыюу салынат.

Роликте үч келин бири-бирине зергер буюмдарын көрсөтүп мактанышат. Улуусу: "Биздин байыбыз, силерге караганда мени көбүрөөк жакшы көрөт. Карагылачы, кандай кооз жасалгаларды мага белекке берди", - деп айтат.

Ага кичүрөөгү: "Эми, сиз улуу аялысыз да", - деп жооп берет.

Аял анда да токтоно албай, кимге эмне белек бергенин сурап, акырында: "Биздин бай таң калтырганды билет", - деген чечим чыгарат.

"Алтын" зергер саткан дүкөндөр түйүндөрүнүн ээси Антонина Бабосюктун Instagram'да 1 млн катталуучусу бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/385