УКМК айыл-чарба продукциясынын экспорту менен алектенет
RU

УКМК айыл-чарба продукциясынын экспорту менен алектенет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан ары УКМК айыл чарба продукцияларын экспорттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү ишин да жүргүзөт. Бул тууралуу ведомоствонун басм сөз кызматы маалымдады.

Ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүп, айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз чыгарууда жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара жең учунан сүйлөшүп алган кызмат адамдары менен жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында, айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн айрым компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул коррупциялык схеманы уюштурган Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери жана логистикалык компаниянын өкүлдөрү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Кармалгандарга карата сот тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды. Кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча иш-чаралар уланууда.

Өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында улуттук коопсуздук органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ошондой эле ЕАЭБдин тиешелүү структуралары Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрүндө ата мекендик товарлардын жана азыктардын тоскоолдуксуз иш жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3860