Садыр Жапаров кеңешчисин кызматынан бошотту
RU

Садыр Жапаров кеңешчисин кызматынан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Равшанбек Сабировду президенттин кеңешчиси кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кабыл алынган.

Сабиров президенттин кеңешчиси болуп ушул жылдын 5-февралында дайындалган. Жакында "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине киргени белгилүү болду.

Эске салсак, Равшанбек Сабиров 2011-2012-жылдары Социалдык өнүктүрүү министри кызматын аткарган. Ошондой эле "Мекенчил" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. 2012-жылдын июль айында ал пара алууга шектелип кармалганына байланыштуу кызматынан четтетилген болчу. Ал эми 2013-жылдын 7-мартында Бишкек шаардык соту Сабировду мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы мунапыс менен бошотулган.

Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айында премьер-министр болуп турганда Равшанбек Сабировду министрлер кабинетине вице-премьер-министр катары тааныштырган. Кайра 2021-жылдын 3-февралында Садыр Жапаровдун жарлыгы менен вице-премьер-министрликтен бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3876