Алмазбек Атамбаев депутаттыкка ат салышабы? Социал-демократтардын комментарийи
RU

Алмазбек Атамбаев депутаттыкка ат салышабы? Социал-демократтардын комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаев алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышпоону чечти. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков фейсбукка жазган.

Султанбеков партиянын төрагасы катары алдыдагы парламенттик шайлоодо Атамбаевден Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жетектөөнү суранбай коё албаганын белгиледи.

"Туура эмес чечмелөөдөн качуу, ошондой эле конструктивдүү альтернативдүү саясий күн тартибин ырастоону каалагандыктан, өлкө жетекчилигинин кээ бир коркунучтарын эске алып, Алмазбек Шаршенович алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышпай эле коюну чечти. Бирок, партиянын ишенимдүү адамдарынын тизмесин жетектейт", - деп жазган ал.

Султанбеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиянын тизмесин Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары, БГКдагы фракциянын лидери Кадырбек Атамбаев жетектей турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев Kaktus.media сайтына, анын кардары Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3882