Мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп кыздар аларга күйөөгө тийсем деп кыялданып калышат
RU

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп кыздар аларга күйөөгө тийсем деп кыялданып калышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмки жылы мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрд Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйын учурунда Министрлер кабинетинин төрагасынын м.а. Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында быйыл, Баткен облусундагы каргашалуу окуяларга байланыштуу күч түзүмдөрүндо кызмат кылгандардын айлыктры көтөрүлгөн.

"Эмки жылы биринчи кезекте мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданият кызматкерлерине айлыктарын көторөбүз. Президент тапшырма берди, айлыктарды эки эсе көтөргүло деп. Мен кыздар мугалимге күйөөгө тийсем деп кыялднап, деп айтмаын айлыктарды жогорулата берем", - деди Жапаров.

Айлыктар салыктын эсебинен көтөрүлөт, деп кошумчалай кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3894