Райымкулов: Гейлерди колдогондордон көрө Матраимовдун потенциалын пайдалануу керек
RU

Райымкулов: Гейлерди колдогондордон көрө Матраимовдун потенциалын пайдалануу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бактыбек Райымкулов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мээсин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууну сунуштайт. Бул тууралуу депутат бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал Дастан Бекешевдин аткаминерлер коррупционерлерди кустуруп, андан кийин алар менен бирге тойго барышат деген сөзүнө комментарий берип жатып, депутаттар башка өлкөлөр үчүн эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштей башташы керектигин айтты.

"Ар дайым батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгын колдогон тыңчылар өтө коркунучтуу. Гейлерди ачыкка чыгаргандар да, жылаңачтандырып элге көрсөткөндөр да ушулар. Аларга олуттуу чаралар көрүлүшү керек. Андан көрө өз каада-салтыбызды сактаганды үйрөнгүлө дээр элем. Мыкты жигиттерди каралап жатышат. Мисалы Райымбек Матраимов сыяктуу мыкты адамдарды командага кошуп, потенциалын колдонуу керек", - деди Райымкулов министрлер кабинетине кайрылып.

Белгилей кетсек, буга чейин Райымкуловдун Бекешев гейлерди колдойт деген билдирүүсүнөн улам айтыша кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3899