Массалык уулануу. Тойдон кийин ууланган кишилердин саны 106 кишиге жетти
RU

Массалык уулануу. Тойдон кийин ууланган кишилердин саны 106 кишиге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта өткөн сүннөт тойдон кийин жергиликтүү ооруканага 60 киши кайрылып, аларга уулануу деген диагноз коюлган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, 11-октябрда алгачкы жабыркагандар кайрылышкан.

Баш аягы 66 киши кайрылып, анын ичинен алтоо дароо госпитализацияланган. Анын ичинде үч кичинекей бала. "Алардын абалы канаттандыраарлык", - деп министрликтен билдиришти.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, алар жылкынын этине ууланышкан.

Бир нече убакыттан кийин, Саламаттык министрлиги жарандар Сузак районунун Бек-Абад айылындагы оорукананын инфекция бөлүмүно кайрылганын кабарларды. Бүгүнкү күндө медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 106 кишиге жетти.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3902