Акыл Кемелов Акылбек Жапаровго: Сиз олигархсызбы?
RU

Акыл Кемелов Акылбек Жапаровго: Сиз олигархсызбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Акыл Кемелов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго олигарх боюнча суроо узатты.

"Сиз олигархтар жөнүндө айттыңыз. Өзүңүз аларга таандыксызбы же жокпу?" - деп сурады ал Жогорку Кеңештин жыйынында.

"Мен олигарх эмесмин. Негизи эле бизнес менен алектенген эмесмин. Аялым ишкер болчу, бирок, эч качан тендерге, келишимге же буйрутмаларга катышкан эмес. Ал таттууларды алып келип сатчу. Массалык контрабанда башталганда токтотуп койгон", - деп Жапаров жооп берди.

Жапаровдун айтымында, анын аялы 10 жылдын ичинде 1,4 миллиард сом салык төлөгөн.

Кемелов ошондой эле Жапаров менен салыктан качкан делген "МИС" акционердик коомунун байланышы тууралуу сурады.

"Атамбаев бир убакта үч кылмыш ишин ачты. Бирок, ал жерден менин изимди тапкан жок. Билишимче, компания кредитти толугу менен төлөп берди", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3904