Түркияда кайын атасынын колунан каза болгон келин акыркы постунда эмне деп жазган
RU

Түркияда кайын атасынын колунан каза болгон келин акыркы постунда эмне деп жазган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Milliyet.com түрк басылмасы кыргызстандык келин Аят А.нын өлүмү тууралуу такталган маалыматты чыгарды.

Берилген маалыматка ылайык, келин жакында эле 30 жашка чыккан. Жолдошу текстиль фабрикасында кароолчу болуп иштечү. Экөөнүн ортосунда эки бала бар. Келин менен кайын атанын мамилеси башынан эле начар болчу экен.

Белгилүү болгондой, киши өлтүрүү 12-октябрь күнү кечинде болгон. Ал күнү кайын ата келини менен уруша кетет. Анын айтымында, келин балдарга жана кайын ата, кайын энесине начар мамиле жасачу. Кайын ата кемпирин неберелери менен сейилдеп келүүсүн суранып, келини менен үйдө жалгыз калат. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал бычак алып, келинди чаап жиберет. Андан кийин денесин ара менен аралап, жарымын таштандыга ыргытып, жарымын машиненин багажнигине салып коет.

Үйгө кайтып келген кайын эне келининин өлтүрүлгөнүн шекшип, дароо полиция кызматын чакырткан.

Каза болгон келиндин социалдык тармактардагы постторунан улам 10-октябрда туулган күнү болгонун түшүнсө болот. Ошол күнү ал жашоо тез эле өтүп баратканын, бирок эч нерсеге өкүнбөй турганын жазган. Андан тышкары жакындары - атасы, апасы, бир тууганы жанында эмес, бирок ал ар дайым аларды эстеп жүргөнүн айткан. Аяттын айтымында, балдары аны бактылуу кылат.

"Биздин курак сан менен эмес, өзүбүздү канча жашка сезебиз, ошону менен өлчөнөт, деп айтып коюшат экен. Мага менин жаш курагым жагат. Бул бейбаш жаштык эмес, бирок карылык да эмес. Мен жашмын, сулуумун. Бардыгы жакшы болот деп ишенем. Анткени 30 жашта жашоо жаңы гана башталып жаткан болот. Бул жылдарда эс тарттым. Чечим кабыл алып, ал үчүн жоопкерчилик тартууга үйрөндүм. Жан дүйнөмдө дагы деле кичинекей, жомокторго ишенген кызмын. Ушунчалык ишенгим келет. Сүйүүчү ... эмне экен ал? Сүйүү бар, ал жашайт, жашай берет. Бирок, андан башка да баалуулуктар бар. Болгону мен сүйүүнү биринчи орундан алып салдым. Андан ары эмне? Билбейм. Акылдуу, күчтүү, жакшыга гана ишенген адам боло турганымды гана билем. Кош келипсиң 30 жаш! 5.55 өмүр берген апама рахмат", - деп келин жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3915