Эдил Байсалов: Президентти колдогон депутаттар менен гана иштешебиз
RU

Эдил Байсалов: Президентти колдогон депутаттар менен гана иштешебиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында президентти колдогон депутаттар менен гана коалиция түзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасыцнын түз эфиринде айтты.

Байсаловдун айтымында мындан ары өкмөт 90 депутатка кызмат кылбайт.

"Кайсы партиялар өтөт, ошол жерде президенттин саясатын туруктуу колдогон көпчүлүк түзүлөт. Бизге мурункудай 90 депутаттын колдоосу кереги жок. Бизге 45-55 депутаттар жетишет, ошолор менен иштейбиз, ошолор менен катышабыз, ошолор биздин мыйзамдарыбызды кабыл алат. Калганыңыздарга айтып коелу, ошол жерден жер тепкилесеңер дагы, биздин кылыбыз кыйшайбайт. Бизди алаксыта албайсыңар. Биз силерге жалдырабайбыз. Биз өнүгүүнүн алдында иштейбиз", - деди Байсалов.

Ага Мирлан Жеенчороев "Элдин назарына көңүл бурбайбыз дегендик аша чапкандык", - деп жооп кайтарды.

"Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем, деген болбойт", - деп Өмүрбек Текебаев да анын айткандарына нааразы болду.

"Акылбек Жапаровду көзөмөлдөш үчүн андан эки эсе тез ойлонуш керек, эки эсе алысты көрө билиш керек. Акылбек Жапаров абдан тез ойлонот. Ага караганда эки эсе билимдүү болуш керек. Ошондо гана аны көзөмөлдөсө болот. Жалгыз президент аны көзөмөлдөй албайт. Коомдук пикир керек, Массалык маалымат каражаттары эркин болушу керек. Парламентте көрөгөч, дастан, тайманбаган оппозиция керек. Бийликтегилердин түбүнө кошоматчылар жеткен. Анан азчылыкты укпайбыз, элдин оюн укпайбыз, кылыбыз кыйшайбайт, өзүм билем деген сөз ээрге кыйшык отурду деген сөз. Элдин бир бөлүгү бүгүнкү азчылык, эртең көпчүлүк болот. Акыркы тарых деле көргөздү. Кылым кыйшайбайт деген Сооронбй каякта, кылым кыйшайбайт деген Атамбаев каякта, Кылым кыйшайбайт деп сендей чекчейген Бакиевдин адамдары каякта? Элдин пикирин эске алыш керек, кызматташууга даяр туруш керек. 40 депутаттын артында 3 миллион калк болот. Алар менен эсептешпейбиз деген абдан туура эмес позиция", - деп Текебаев оюн билдирди.

Буга Байсалов: "Биз сылык, конструктивдүү сынды, хайп үчүн эмес, элдин өнүгүүсүнө арналган бардык күчтөр менен иштейбиз, албетте угабыз", - деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3920