Майрамдай берип чарчадыбы? Каракол шаарынын балатысы кулап түштү (фото)
RU

Майрамдай берип чарчадыбы? Каракол шаарынын балатысы кулап түштү (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарынын башкы балатысы кулап түшүптүр. Интернет колдонуучулар анын сүрөтүн соцтармакка чыгарышты.

Караколдун мэри Эрмат Джумаевдин Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, инцидент бүгүн, эртең менен болду.

"Бүгүн, эртең менен Караколдо катуу шамал болду. Балатынын түбү жакшы бекитилген, бирок конструкциянын жогору жагы шамалга туруштук бере албай, кыйшыйып, кулап түшүптүр. Конструкция сынган жок, аны кайра калыбына келтирип, оңдоп алабыз. Кийинки жылы да колдонгонго жарайт. Жабыркагандар жок. Жакында аны аянттан алып салабыз. Ансыз деле Эски жаңы жылдан кийин алалы, деп жатканбыз", - деди Джумаев.

Кулап түшкөн балатынын формасы соцтармак колдонуучуларынын күлкүсүн жаратты. Балаты жаңы жылдык майрамдардан кийин чарчап калса керек, а балким, акыркы жумаларда болуп жаткан саясий ыр-чырларга туруштук бере албай эси-ооп түштү, деп тамашалашты.

Бул балаты республикада орнотулган эң чон балатылардын бири болчу. Анын бийиктиги - 21 метр. Каракол шаарынын мэриясы балатыны 2016-жылы сатып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/393